“Колуна курал алган кылмышкерди жок кылабыз”,- деди ички иштер министри Мелис Турганбаев. Министр мындай пикирин түрмөдөн качкан кылмышкерлерди кармоо ишинин аякташы боюнча 23-октябрда маалымат берип жатып айтты. Ал милицияга кол салган кылмышкерди сөзсүз өлтүрүү керектигин айтты. “Колуна курал алып, милицияга кол салса эмне кылуу керек? Андайлар сөзсүз жок кылынышы керек. Биз дагы бир кызматкерибиздин жок болушун каалабай, бычак менен кол салган кылмышкерлерди өлтүрдүк. Ансыз деле 2010-жылдан бери 19 кызматкерибиз өлдү”,- деди Турганбаев.