Бүгүн, 23-октябрда №1-СИЗОнун башчысы Калыбек Калмаматов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка ЖАМКтын башчысы генерал-майор Алик Мамыркулов кол койду.
Айта кетсек, эки күн мурун 21-октябрда коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн №50-түзөтүү колониясынын башчысы Имаш Телтаев кызматынан бошотулганы белгилүү болгон.