2015-жылдын 9 айында салык кызматкерлери тарабынан 7685 жеке ишкердин ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке кошумча 5 миллиард 700 миллион 500 миң сом салык кошулду. Бул сумма өткөн жылга салыштырмалуу 873 миллион 300 миң сомго көп.
Мындан сырткары салык кызматкерлери тарабынан 9 ай ичинде 47 материал укук коргоо органдарына тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлгөнү айтылды.