Ош шаарында Орусиядагы жана Кыргыз Республикасындагы окуу жайлардын көргөзмөсү өтүүдө

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда "Биримдик" коомдук фонду менен биргеликте уюштурулган Орусиянын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы окуу жайлардын көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. 

Көргөзмөгө Томск политехникалык университети, Томск мамлекеттик университети, Кемеров тамак-аш, өнөр жай технологиялар институту, Томск башкаруу системи жана радиоэлектроника университети, Ыраакы Чыгыш мамлекеттик университети, Орусия мамлекеттик социалдык университети жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту катышууда. Мында окуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү базалары боюнча сөз болуп жатат. 23-24-октябрь күндөрүнө белгиленген иш-чарага 53 мектептин окуучулары катышат. 

Кечээ жогоруда аталган коомдук фонддун директорунун милдетин аткаруучу Сернецкий Олег жана ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев келген окуучуларды куттуктап, окуу жайлар менен тааныштырып кетишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан