Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарынын 137 жылдыгына карата "Жеңиш" аянтында майрамдык концерт өтүп жатат. Анда шаардагы Маданият башкармалыгынын артисттери, Свердлов районунун балдар чыгармачыл топтору келген конокторго шаңдуу маанай тартуулашууда. Иш-чаранын ачылышында аталган райондун башчысынын орун басары Чынара Борбашева шаар тургундарын майрамы менен куттуктады.