Президент: "Бишкек "өлкөнүн борбору" деген жогорку статусуна татыктуу болушу үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошууга милдеттүүбүз"

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элин Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчынын куттуктоосу: 

"Урматтуу борборубуздун тургундары жана меймандары!

Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды сүйүктүү борбор шаарыбыздын күнү менен куттуктайм!

Бишкек Кыргыз Республикасынын турмушунда өзгөчө орун ээлейт. Бишкек - Ата Мекенибиздин жүрөгү. Ар бирибиздин тагдырыбызда Бишкектин өзүнчө орду бар. Бирибиз бул жерде туулуп-өссөк, бирибиз кыялыбызды ишке ашырып, бирибиз бул жерден орун-очок таптык. Баарыбызды бириктирип турган нерсе – бул шаарыбызга болгон сүйүү жана кооз, заманбап борбордо жашоого умтулуу.

Биз бул майрамда борборубузду негиздеген жана көп жылдар бою маңдай терин төгүп, биримдикти жана ынтымакты түптөгөн адамдарды ар дайым ыраазычылык менен эстейбиз. Алар – биздин ардактуу ардагерлер, ошондой эле азыркы учурда шаарда жашап, эмгектенип жаткандардын баары – Бишкектин башкы байлыгы. Андыктан бийликтин негизги милдети – адамдар үчүн борбордо ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүп, коопсуздукту камсыз  кылуу. Биздин шаарыбыз инвесторлор үчүн, бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу болушу керек. Бир сөз менен айтканда, Бишкек сабырдуулуктун, бийик маданияттуулуктун жана билимдүүлүктүн үлгүсү болууга тийиш.

Азыркы учурда көп иштер жасалып жатат: энергетикалык, коммуналдык жана транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, көчөлөрдү, короолорду, сейил бактарды көрктөндүрүү боюнча масштабдуу иштер жасалууда. Бул максатта мамлекет көптөгөн каражат бөлүп жатат. Жаңы мектептер, социалдык-маданий объекттер курулууда, бирок шаардыктардын өздөрүнө, алардын маданияттуулугуна жана тарбиясына дагы көп нерсе байланыштуу.

Башка чоң шаарлардагыдай эле биздин борбордо да көйгөйлөр көп, бирок биз биргелешип аларды  сөзсүз чечебиз. Бишкектин "өлкөнүн борбору" деген жогорку статусуна татыктуу болушу үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошууга милдеттүүбүз. Шаарыбыз дайыма жаркырап таза, көрктүү жана коопсуз болууга тийиш.

Эгемендик жылдары Бишкек өлкөбүз сыяктуу эле көп кыйынчылыктарды башынан кечирди. Тургундардын чыдамкайлыгы жана эрктүүлүгү менен бул сыноолордон өтүп, Бишкек меймандос жана кең пейил шаар боюнча кала алды. Мен өлкөбүздүн жана анын борбору – Бишкектин келечеги кең экендигине терең ишенем!

Баарыбыздын сүйүктүү борбор калаабызга бакубаттыкты, тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүү, ал эми сиздерге, кымбаттуу бишкектиктер, чың ден соолук, бак-таалай жана ийгиликтерди каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан