Алмазбек Атамбаев каржы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-октябрда өлкөнүн каржы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү, 2016-жылга карата башкы каржылык документти калыптандыруунун ыкмалары, ошондой эле  жүргүзүлүп жаткан бюджеттик саясаттын артыкчылыктары тууралуу маалымат берилди.

Министр ошону менен бирге бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча пландары, мамлекеттик казынаны чыгымдоонун негизги приоритеттери жана мамлекеттин чыгым боюнча бардык милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде финансылык жактан туруктуу камсыз кылуу тууралуу айтып берди.

Президент республикалык бюджеттин так аткарылышынын, анын балансын сактоонун, бардык социалдык милдеттенмелерди стабилдүү жана өз учурунда аткаруунун маанисин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан