Бүгүн, 24-октябрда Коргоо министрлигинин жанындагы «Аскердик кайратмандык» монументинин алдында Бишкек аскер горнизонунун өздүк курамынын катышуусу менен 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоп, аскердик милдеттерин өтөп жатып курман болгондордун урматына митинг-реквием болду.
Курман болгондордун жеңишин түбөлүккө калтыруу, тарыхый мурасты сактоо, аскердик-патриоттук тарбиянын алгылыктуу салттарын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин буйругу менен 26-октябрь - 1999-2000-жылдары Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү күнү деп жарыяланган.
Иш-чарага Башкы штабдын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, Бишкек аскер горнизонунун өздүк курамы, жоокер-баткенчилер, курман болгондордун ата-эне, жакын туугандары катышты. Коргоо министрлиги бул согушта 45 азаматынан айрылган.