Чүй облусунун тургуну Бишкек шаарынын күнүнө карата 270 жылдык тарыхы бар кумуралардын түрүн эл алдына алып чыкты (фото)

Чүй облусунун Кара-Жыгач айылынын тургуну Акбар Каримов Бишкек шаарынын күнүнө карата 270 жылдык тарыхы бар кумуралардын түрүн эл алдына алып чыкты. Ал SUPER.KG порталынын кабарчысына билдиргендей, акыркы 20 жылдан бери тарыхый мааниге ээ болгон илгерки тиричилик буюмдарын, музыкалык аспаптарды, китептерди жана башка нерселерди чогултуп, үйүнө сактап келет.
«Бул жерде коюлган экспонаттар менин коллекциямдагы буюмдардын үчтөн бир бөлүгү гана. Мындан 150-270 жыл мурун ата-бабаларыбыз пайдаланып жүргөн тиричилик оокаттарын ар кайсы жерден сатып алып, чогултуп келем. Эң кымбат кумураны 26 миң сомго сатып алгам, бирок булардын бири да эми сатылбайт. Аларды кийин балдарыма өткөрүп берем. Бүгүн майрамга карата шаардыктар көрсүн деп алып чыктым»,- дейт Каримов.
Айта кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын 137 жылдыгы белгиленүүдө. Буга утурлай борбор калаабызда 30га жакын майрамдык концерттер, спорттук жана башка иш-чаралар өткөрүлүүдө. Жыйынтыктоочу иш-чара бүгүн саат 16:00дө Курманжан датканын эстелигинин жанында болот.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alconi100
2015-10-24 15:51:39
Оо сонун болуптур.Оркундоп осо бер шаарым
0
only_progress
2015-10-24 16:45:33
Акча деп эле акчанын артынан тушпой,ушундай иштер менен алек болгон адамдарды уксан кулагын, корсон журогун суйунот. Жакшы иш жасаптыр. Эл алдына алып чыгып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан