Бүгүн, 24-октябрда борбор калаада Бишкек шаарынын күнү белгиленип жатат. Ага карата шаардык мэриянын алдында тургундар үчүн оюн-зоок программалары уюштурулду. Ар улуттун маданияты, спорттук оюндар, ыр-бий, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө. Ошондой эле кийизден, кагаздан жана башка материалдардан сувенир жасоо боюнча мастер-класстар орун алды.