Жалал-Абад шаарынын "Жеңиш" эс алуу багында бүгүн, 24-октябрда Баткен коогалаңынын 15 жылдыгына карата иш-чара өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, Жалал-Абад облусунан Баткен согушуна катышкандар жана согушта каза болгон жоокерлердин жакындары катышышты.
Баткен коогалаңынын жоокерлерине тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Өлкө боюнча Баткен коогалаңына 5848 жоокер катышкан болсо, анын 1200ү Жалал-Абад облусунан. Облус боюнча 17 бала согуштан кайтпай калган.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү Т.Тыныбеков атындагы филармонияда уланды. Анда согуштан кайтпай калгандардын жакындарына, согуштун катышуучуларына шаар бийлиги тарабынан акча каражаты, шаардык аскер комиссариаты тарабынан грамоталар тапшырылды. Ошондой эле Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Канат Бакалов согуштун катышуучуларына жана буга чейин Баткен коогалаңын эскерүүгө, эстеликтерин тургузууга көмөктөшкөндөргө төш белги такты.