Ички иштер министрлиги Достук кичи районунда кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда каза болгон ИИМдин атайын багыттагы жоокери Төлөбек Исмаиловдун жакындарына жалпы кызматкерлердин бир күндүк маянасын чегерет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, 22-октябрда №50-абактан качкан Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү 3 кабаттуу үйдөн кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп, каршылык көрсөткөн. Ок атышуудан улам Төлөбек Исмаилов каза тапкан.
Операциянын жыйынтыгында Алтынбек Итибаев жок кылынган. Мындан тышкары коңшу батирде болгон эки жаран: 1936-жылы туулган Батыш Койчуманова жана 1959-жылы туулган Медет Какеев октон улам көз жумушкан.