Октябрь айында жарандарга 600 миллион сомго жакын жөлөк пул төлөнүп берилди

Октябрь айында жарандарга 599 миллион 576,5 миң сомго жөлөк пул төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, бул сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 87 миллион сомго көбөйгөн. Бул мамлекеттик жөлөк пулдун каржылоосунун өсүшүнө байланыштуу.

“Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 458 миллион 600,8 миң сомго жөлөк пул төлөндү. Мындан тышкары кош бойлуу жана төрөгөн аялдарга 26 миллион 339,8 миң сом төлөндү. Ошондой эле дагы 114 миллион 635,9 миң сом акчалай компенсацияларга, жеңилдиктерге жумшалды”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан