Ош шаарындагы №7-мектеп-гимназиясында “Достук - ынтымактын булагы” аттуу мугалимдер үчүн иш-чара өтүп, концерттик программа менен коштолду. Анда түрдүү улуттардын маданияты камтылган ыр-бийлер тартууланды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара окуучулар арасындагы улуттар аралык мамилени өркүндөтүп, достукту, ынтымактыкты чыңдоо максатында уюштурулду. Бул мектеп Ош шаарындагы эң көп улуттуу мектептердин бири. Анда 20дан ашык улуттун өкүлдөрү билим алышат.