“№50-түзөтүү колониясынан кылмышкерлер качкан күнү курман болгон абактын кызматкерлерине “абактын эшиктерин өздөрү ачып беришкен” деген күнөө коюлуп жатат”,- дешти бүгүн, 26-октябрда маалымат жыйынында маркум кызматкерлердин туугандары.
Маркум Орозбек уулу Фархаддын агасы Максат Өмүровдун айтымында, адилеттүү чечимди Жаза аткаруу кызматы да, прокуратура да чыгара алгыдай эмес. “Ошондуктан биз президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып отурабыз. Президент чечпесе, эч ким карабай калды. Айбандардын айынан иним каза болду. Беш айлык наристеси калды. Түрмөнүн кызматкерлери өзүнүн өлүмүн билип туруп кылмышкерлерге эшиктерди кантип ачып беришсин?”- дейт Өмүров.
Маркум Таалайбек Өмүрзаковдун эжеси Насият Аскарова “мыйзам акчалуу адамдар үчүн иштебей, акчасы жок адамдарга карата гана иштейт экен” деген оюн айтты. “Абактын кызматкерлери социалдык жардамы жок, айлыгы аз болсо да иштеп келишкен. Эми аларды түрмөдөн качыруу боюнча күнөөлөп жатышат. Качуу кандай болгонун биз билбейбиз. Балким, качкындарга жогорку кызматтагы адамдар тарабынан жардам берилген чыгар”,- деди Аскарова.