Ош шаарындагы Токтогул атындагы сейил багында 24-октябрь күнү Баткен окуясынын 15 жылдыгына карата Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Ош мэриясынан билдиришкендей, алгач курман болгондорго 1 мүнөттүк аза күтүлүп, андан соң алар үчүн тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлду. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаров, Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн жетекчилери, ардагерлер жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты.
Жыйынтыгында ардагерлерге жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө эстелик медалдар жана Ардак баракчалар тапшырылды.
Учурда Ош шаарында Баткен окуясына катышкан 300 ардагер жашайт.