Орусиянын Москва шаарында Кыргыз Республикасынын азык-түлүк товарларынын жарманкеси өтүүдө. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, иш-чара 21-октябрдан бери "Киргизия" кинотеатрынын жанында уюштурулуп жатат.
Жарманкенин башкы максаттарынын бири - кыргыз жергесинде өндүрүлгөн экологиялык таза азык-түлүк менен Орусия жарандарын тааныштыруу. Ошондой эле узак мөөнөттүү өнөктөштөр менен келишимдерди түзүү болуп саналат.
Иш-чарага келген коноктор кыргыз тоолорунан келген балдан, минералдык жана улуттук суусундуктарынан, жашылча-мөмө жемиштеринен даам татышса болот. Мындан тышкары жарманкеде кургатылган мөмө-жемиштер, күрүч, ошондой эле кыргыз усталарынын колунан жаралган тери жана жыгачтан жасалган буюмдар сатылууда.
Иш-чара 28-октябрга чейин улантылат.