Бүгүн, 26-октябрда Талас шаарында төө буурчак өндүрүүчүлөр митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас облустук милициясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, нааразычылык акциясына 50 чакты дыйкан чыкты. "Алар төө буурчактын баасын көтөрүү талабын айтышууда. Дыйкандардын айтымдарында, бүгүнкү күндө 1 килограмм төө буурчак 30-35 сомдон сатылууда, ал эми өткөн жылы 100 сомдун айланасында сатылган",- дешет милициядан.
Мындан тышкары укук коргоо түзүмү иш-чарада эч кандай укук бузуу катталбаганын баса белгиледи.
Айта кетсек, буга чейин 18-октябрда Талас облусунун Кара-Буура районунда дыйкандар төө буурчактын баасын көтөрүү талабы менен митинг өткөрүшкөн.