Бүгүн, 26-октябрь күнү саат 15:25 чамасында өлкө аймагында жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү Чүй облусунда, Бишкек шаарында, Нарын облусунда, Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда жана Баткен облусунда сезилди.
Ушул тапта окурмандар SUPER.KG порталына аймактардан байланышка чыгышып, 5 мүнөттүн аралыгында эки ирет жер титирегенин билдиришүүдө. Айрым окурмандар Ош шаарында жер титирөө катуу байкалганын кабарлашты. Азырынча Сейсмология институту жер титирөө очогу кайдан чыкканын жана канча баллга жеткенин маалымдай элек.