Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту бүгүнкү өлкө аймагындагы жер титирөө тууралуу кыскача маалымат таратты. Анда белгилүү болгондой, жер титирөөнүн күчү Ош шаарынын аймагында 4 баллга, Бишкек шаарында 3 баллга, Нарын шаарында да 3 баллга жеткен. Калган аймактар боюнча маалымат жок. Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын Гиндукуш аймагында болуп, күчү 9-10 баллга жеткен.