Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, өлкө аймагында жер титирөөдөн улам кыйроолор жана жоготуулар катталган жок. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ӨКМнын басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, жер титирөөнүн күчү өлкөнүн бардык облустарында 3-4 баллга жетти.
Жер титирөөнүн очогу саат 15:09да Ооганстандын Гиндукуш аймагында болуп, күчү 9-10 баллга жеткен.