Өлкөдө “Атам, апам жана мен – техникалык үй-бүлө” аттуу интеллектуалдык дареметти өнүктүрүүгө багытталган сынак старт алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, сынак бүгүнкү күндөн баштап 28-октябрга чейин өтөт. Иш-чаранын башкы максаты өспүрүмдөр арасында техникалык көндүмдөрдү өрчүтүү жана бала менен ата-эненин өз ара аракеттенүүсүн жакшытуу болуп саналат.
Айта кетсек, аталган сынак буга чейин облустар менен шаарларда өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен эң жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп, жакшы балл алган 20 үй-бүлө тандалган. Бул сынак жыл сайын мектеп окуучулар жана ата-энелер арасында өткөрүлүп келет.