Борбор калаадагы окуу жайлардын биринде 25-октябрь күнү “Жаркын келечекке жаңы кадам” аталышындагы конференция болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Иш-чарага Жазуучулар союзунун жана Журналисттер бирикмесинин өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары, коомдук ишмерлер жана студенттер катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө Кадамжай районунан баш калаага келип билим алып жаткан студенттер аймактагы көйгөйлөргө токтолуп, аларды чечүү жолдорун атап өтүштү. Конференцияда жолдорду оңдоо, айыл чарба тармагын өнүктүрүү, райондо туризмди өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, келечек үчүн жаштарга туура багыт берүү, диний сабатсыздыкты жоюу жана диний экстремизмдин алдын алуу боюнча маселелер талкууланып, студенттер тарабынан көйгөйдү чечүү жолдору сунушталды.
Иш-чара “Кадамжай жаштары” фонду тарабынан уюштурулду.