Ош шаарынын Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик борборунун буйругунун негизинде Билим берүү башкармалыгы “Мите курттардан жапырт арылтуу” иш-чарасын өткөрүүдө. Учурда тиешелүү буйрук чыгарылып, бардык мектептерде бүгүн 26-октябрда оорулардын алдын алуунун 1-туру өткөрүлдү.
Билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, ата-энелерге да түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт жана иш-чара 27-октябрга чейин уланат. Иш-чара мектептерде 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар арасында өткөрүлүп, мите ооруларынын алдын алуу жана арылтуу максатын көздөйт.