24-октябрда Түркиянын Анадолу аймагынан Анталия шаарына бара жаткан автобус Кумлужа-Кемер унаа жолунда жол кырсыгына кабылып, 12 адам жаракат алган. Алардын бешөөсү Кыргыз Республикасынын жарандары. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы 26-октябрда алардын бири Арслан Куловдун абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы консулдук кызматы Арсландын ата-энеси учурда Анталия шаарына келгенин ТИМге кабарлаган.
Ал эми аны менен бирге ооруканага түшкөн Бекбол Бактыбек уулунун сол колунун манжасы сынып, бетинен жаракат алган. Анын колуна гипс коюлуп, ооруканадан чыгарылды. Калган үч жаран: Дастан Бектенов, Бекзат Тилек уулу жана Нурбек Сүйүналиев кырсык болгон жерден “Тез жардам” кызматынан медициналык жардам алып, үйлөрүнө кайтышкан.
Алар Анадолу аймагындагы мейманканалардын биринин кызматкерлери болушкан. 26-октябрда алардын эмгек келишими аягына чыкмак экен.