Чет өлкөлүк адистер Чүйдөгү түрмөлөргө барышат

28-29-октябрь күндөрү Бишкекте "Пенитециардык системдеги саламаттыкты сактоо" аталышындагы эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага жалпысынан 27 мамлекеттен (Улуу Британия, АКШ, Австралия, Германия, Франция, Швейцария жана башкалар) 80ден ашуун адис катышат. Конференцияда "Түрмөлөрдөгү баңгизаттар", "Кыргыз Республикасынын абактарындагы инфекциялык оорулар", "Пенитециардык системдеги саламаттыкты сактоо" жана башка маселелер талкууланат. Анын алкагында чет өлкөлүк адистер Чүй облусундагы №2 жана №31-түзөтүү колонияларына барып, кургак учукту жана баңгиликти дарылоо практикасы менен таанышышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан