Ошто 2 наристесин бейтааныш адамга таштап кеткен айым Орусиядан келе элек, анын аты Алтынай эмес, Роза экени белгилүү болду

3 жана 4 жашар балдарын Ош шаарындагы бейтааныш адамга таштап, Орусияга кетип калган айым келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда SUPER.KG порталына коомдук ишмер Куттубек Абдуллаев билдирди.
Анын айтымында, айым Санкт-Петербург шаарындагы жумушунан эмгек акысын алары менен Ошко кайтып келерин убадалады. "Айымдын аты Алтынай эмес, Роза экени аныкталды. Бейтааныш адамга балдарын калтырып жатканда өзүн Алтынай деп тааныштырган экен. Ал эми документтеринин көчүрмөлөрүн бизге жөнөткөндө чыныгы аты-жөнү белгилүү болду",- деди Абдуллаев.
Эскерте кетсек, 4 жашар Рамазан жана 3 жашар Каныкей учурда Ош шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылган. Алардын апасынын Ошто жашаган туугандары табылганы маалым болгон. Буга чейин айым 25-октябрдан 1-ноябрга чейин келерин айткан.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
nur-patriot
2015-10-27 11:07:07
ушу наристелерге жардам берейличи. апасы тезирээк келишсин.
+5
Izdeim_seni.
2015-10-27 11:30:04
Ушинтип,ушинтип келбей койбосо болду.
-1
mira28
2015-10-27 12:00:32
ХХХ аял экен 2 баладан да артык кандай зарыл себеп болушу мумкун Россияга барса эле кууруп койгонсуп ушул балдар чонойгуча Кыргызстанда пол жууп иштесе да балдарынын жанында болмок эптеп бир кунун кормок.Балээ басып бул да бир огой атаны ээрчитип келбесекен кундо коруп жатабыз огой аталардын жаш балдарга кылган кара озгойлугун.Эрине очошуп жаш балдарда эмне куноо.Кайрылып келсе да кандайдыр бир чара коруу керек балдардын келечегине балта чабылбасын.
+3
nur-patriot
2015-10-27 12:14:53
mira28, кой ээ, апасын түшүнсө болот. Ал балдарымды багам деп Орусияга кетти да. Күйөөсү акмак, неге алимент төлөбөйт, качып жүрөт.
+6
admin_portal
2015-10-27 12:22:06
mira28 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
+1
karona
2015-10-27 12:15:50
Адам бул жашоодо катачылык кетириши мумкун, эн негизгиси балдарын аман-эсен бооруна кысып, экинчи андай кадамга барбай, озу эле тарбия берип чонойтуп алсын. Куйоосу кандай адам экенин билбейм бирок Кудайым ага акыл эс, ыйман берип, оз уй-булосун талаага таштабай багып алсын.
+4
almagul_aravan
2015-10-27 12:35:47
Emne bolgon uchurda dele ketiw k.k emes ele sebebi al jakka baryp jaigawyp iwke ornowkucha 3ai jon ele otot uch aida baldar emneler bolduken andan koro uwul jerde ele ofisiant je bawka iw tapsa bolot ele idiw juuguchpu. Zato tunu baldaryn kuchaktap jatat eleda charchagany jazylyp kalat ele.
0
Love1234
2015-10-27 13:13:59
акча таппай оз мекенине кайталбай жаткантыр мункун
+4
nur-patriot
2015-10-27 13:21:01
Love1234, туура айтас
+2
Deniza88
2015-10-27 13:52:55
Мынча таттуу балдар экен ... Мен деле алып алмакмын...
0
AlbertEnshtein
2015-10-27 17:11:15
Куттубек мырза балдардын атасынын атын да аныктап койсонуз жакшы болмок. и чон ата чон не жана тайларын дагы. роза жетим кызбы, же куйоосу селсаяк бекен? эмнеге чон атанелери жардам беришпейт. ошол Оштогу жакын туугандары кимдер, Розанын бир туугандары жокпу? Кантип ушул эки мойтойгон кичине бала кароосуз калды дейм да?
+2
pirim77
2015-10-27 17:12:01
куттубек озун жаман пиарлады го. бул деле бироонун кызы да айла жоктон ушинткендир ар кимдин оз чындыгы бар. жарыяланган балдарга боорум ачыйт а розага болсо наалат албетте. бирок куттубек оо
0
kanu
2015-10-27 19:19:35
ужас ко,таптаза балдарын таштап,кичине жетишпейт болуш кк,мен балдарымды оз ата энесине таштап иштей албай журом го еще бул аял бей тааныш бироого
0
Iliasino
2015-10-28 09:13:37
Энелик укугунан ажыратуу зарыл.Анткени жоопкерчилик деген жок экен.
0
Iliasino
2015-10-28 09:33:32
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 74-беренесине ылайык балдарын карабай таштап кеткендиги үчүн энелик укугунан ажыратып коюу боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган иш алып баруусу керек.
0
tabyshmak
2015-10-28 14:45:35
Мындайда убакыт бат отсо кана... Колдон келсе ушул наристелер учун саат жебесин ылдам айлантуу м-н аларды бой жеткенче убакытты откоруп койсо, эч кимдин жардамына муктаж болбой оздорунун жашоосун жакшы жол м-н уланта тургандай кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан