Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Умутбек Хасанов ишеничтен чыккандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов кол койгонун 27-октябрда аталган мекемеден билдиришти.
Хасанов ушул жылдын 19-октябрында жеке ишкерден 1200 доллар талап кылып, анын 600 долларын алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Замирбек Осмонов тийиштүү бөлүмдөргө коррупциялык көрүнүштөрдү ачуу боюнча жумуштарды өздөрү системдик түрдө алып барууну жана бул багытта көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.