Бишкек жана Ош шаарынын инфраструктурасы долбоору боюнча акыркы 4 жылда 98 кичи долбоор ишке ашырылды. Каржы министрлиги 26-октябрда билдиргендей, 2008-жылы башталып 2012-жылы аяктаган долбоорду кайра улантуу боюнча 2012-жылы чечим кабыл алынган. Андан бери аны каржылоого Дүйнөлүк банк 15,8 миллион доллар бөлүп берсе, өкмөт 1,3 миллион доллар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 1,5 миллион доллар жумшашканы айтылды.
"Долбоорду кошумча каржылоонун алкагында 98 долбоорчо ишке ашырылды. 8 орто мектеп, 19 бала бакча, 2 бейтапкана, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, 4 фельдшердик-акушердик пункт, 9 машыгуу залы, 8 универсалдуу спорт аянтчасы, 6 кичи футбол талаасы, 2 маданий-маалымат борбору, 10 балдар ойноочу аянтча, 6 тротуар, 5 коомдук сейил бак жана гүл бак, 10 сугат жана арык системи курулду жана оңдолду",- деп айтылат маалыматта.
Долбоор быйыл декабрда аяктайт.