Кыргыз Республикасы жана Тажикстан чек арадагы жер тилкелери менен алмашышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда журналисттерге вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди.
"Кыргыз тарап Тажикстанга 12 гектар жер тилкесин бермекчи, ал эми тажик тарап биздин жарандар сураган тилкелерди кайтарып берери пландалууда. Көк-Таш айылындагы мүрзөнүн аймагы бизге берилмекчи. 5-ноябрда тажик делегациясы Бишкекке келип, бул маселе боюнча так чечимин айтат. Ал эми ноябрдын соңунда кыргыз делегациясы Тажикстанга чакырылган. 2 жыл ичинде кыргыз-тажик чек ара маселеси 98 пайызга чечилери күтүлүүдө",- деди Маматалиев.