№50-СИЗОнун кызматкерлери психологиялык жардамга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, институттун өкүлдөрү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы СИЗОго барышып, кызматкерлердин жана кармалгандардын укуктары кантип корголуп жатканы менен таанышышты. "Жабык мекеменин кызматкерлеринин жумушчу шарттары коопсуздуктун талаптарына жооп бербегени аныкталды. СИЗОдо видеобайкоочу камералар жок, электр энергиясы мезгил-мезгили менен өчүп турат экен.
Мекеменин ички курамы менен сүйлөшкөн соң акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү төмөнкү жыйынтыкка келишти: 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү орун алган качуудан кийин кызматкерлер психологиялык жардамга муктаж. Бүгүнкү күндө да алар стресс абалында. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери психологдор менен биргеликте №50-СИЗОнун ички курамына психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүштү. Ал эми СИЗОдо кармалгандар тарабынан арыздар түшкөн жок",- деп жазылат маалыматта.