Ош шаарында эстакадалык көпүрө курулуп бүттү. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей бүгүн, 27-октябрда саат 17:00дө көпүрө сыноодон өтөт. Сыноо иш-чарасы учурунда оор жүк ташуучу унаалар көпүрө үстүнө токтотулуп, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев көпүрөнүн астына түшүп турат. "Шаар мэри журналисттер менен жолугушууда көпүрө сапаттуу курулгандыгына кепилдик берип, аны далилдөө максатында өзү көпүрөнүн астына түшүп турарын айтты",- деди мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү.
Ал эми 28-октябрда көпүрөнүн расмий ачылышы болот, ага президент Алмазбек Атамбаев катышат.