Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева "Тез жардам" кызматынын дарыгеринин сабалгандыгы боюнча ишти өз көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.
Вице-премьер-министрдин айтымында, мындай көрүнүш биринчи жолу болгон жок жана дарыгерлер ар кандай оор кырдаалга туш болушат.
"Тез жардамдын" кызматкерлеринин айлык акысы башка дарыгерлердикиндей эле аз, жол киресине каражат бөлүнбөй калган. Буга байланыштуу "Тез жардам" кызматында кадрлардын жетишпегендиги келип чыгууда. Дарыгерлер ар бир чакырууга чыкканда өздөрүн тобокелчиликке салышат, айрым учурларда кызматтын унаалары адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарына учураган",- деди Дамира Ниязалиева.
“Бул факт укук коргоо органдары тарабынан терең изилденип, күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алышы керек. Мен бул ишти өз көзөмөлүмө алам”,- деп кошумчалады өкмөт мүчөсү.