26-октябрдан 30-октябрга чейин Бишкекте "Арсенал" аталышындагы рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Жол-кайгуул кызматы тарабынан токтотулган автоунаалардан милиция кызматкерлери мыйзамсыз сакталган куралдарды жана жарылуучу заттарды издешет. "Иш-чаранын негизги максаты - 2010-жылдагы окуяларда уурдалган куралдарды табуу, курал-жарактардын мыйзамсыз сатылышына бөгөт коюу, жарандык куралды колдонууну көзөмөлдөө",- деп жазылат маалыматта.