Бүгүн, 27-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун натыйжасы боюнча 15-октябрда кабыл алган №173-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карайт. Ага ылайык, БШК Жогорку Соттун чечиминин негизинде “Республика - Ата Журт” партиясынын тизмесинен чыгарылган 6 талапкерди, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан 1 талапкерди кайра тизмеге киргизиши мүмкүн.
Жогорку Сот 22-23-октябрдагы соттук процесстердин жүрүшүндө “Республика - Ата Журттун” тизмесинен депутаттыкка талапкерлер Аида Исмаилова, Закир Шарапов, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Саматов, Курманкул Зулушев жана Рада Туманбаеванын жана "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Н.Айдаровдун арызын канааттандырган.