Бүгүн, 27-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун натыйжасы боюнча 15-октябрда кабыл алган №173-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. БШК мүчөлөрү бир добуштан "Республика - Ата Журттун” тизмесинен чыгарылган 70 талапкердин 6сын кайра тизмеге киргизүүгө макулдук беришти. Чечимге ылайык, тизмеге Аида Исмаилова, Закир Шарапов, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Саматов, Курманкул Зулушев жана Рада Туманбаева кирди.