Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарында жаңыдан курулган эстакадалык көпүрө сыноодон өттү. Ош мэриясынан билдиришкендей, жалпы 20га чукул жүк ташуучу унаа үстүнө таш-кум жүктөп алып жарым саатка чукул көпүрө үстүндө турду. Андагы жалпы жүк 500 тонна болду. Ал эми Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев буга чейин журналисттерге берген убадасын аткарып, көпүрөнүн астына түшүп турду.
Бул көпүрөнүн жалпы узундугу 265 метр болсо, туурасы 24 метр. Көпүрөнү расмий ачуу салтанаты эртең президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтмөкчү.