Бүгүн, 28-октябрда жаңы чакырылыштагы парламент өз ишин баштап, учурда депутаттар ант беришүүдө. Алгачкылардан болуп депутат Мыктыбек Абдылдаев ант берди. Берген анттарын жыйынга төрагалык кылып жаткан депутат Анвар Артыков кабыл алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы аларга мандат жана төш белги тапшырып жатат.