Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында социалдык тармактын чыгымдары 41 миллиард 726,7 миллион сомду түздү. Муну 28-октябрда Каржы министрлигинен билдиришти. Бул сумма республикалык бюджеттин жалпы чыгымдарынын 55,9 пайызын түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине карата тармактын чыгымдары 3 миллиард 178,7 миллион сомго көбөйдү.
Социалдык коргоого республикалык бюджеттен 18 миллиард 460 миллион сом, билим берүү тармагына 13 миллиард 923,6 миллион сом, саламаттыкты сактоо тармагына 7 миллиард 590,8 миллион сом жумшалган. "Эс алуу, маданият жана дин" бөлүмү боюнча чыгымдар былтыркыга салыштырмалуу 238,4 миллион сомго көбөйүп, 1 миллиард 752 миллион сомду түзгөнү айтылды.