Ошто эстакадалык көпүрөнүн ачылышында Мелис Мырзакматов тууралуу сөз болду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-октябрда Ош шаарында эстакадалык көпүрөнүн ачылышына катышты. Анда президент Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов тууралуу пикир айтып, экс-мэр өз жазасын алганын билдирди. "Мырзакматов менин ага ата болушумду суранган, бирок ал жаман жолго түшүп алып мени каралай баштады. Жыйынтыгында жолунан адашты, аны Жараткан жазалады. Ал мэр болуп турган жылдары мэриянын эсебинен бир дагы объект курулган эмес. Бардык курулуштарга республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн",- деди өлкө жетекчиси. 

Эскерте кетсек, быйыл 22-июлда Ош шаардык соту шаардын мурунку мэри Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан. Мындай чечимге макул болбогон жактоочулар Ош облустук сотуна кайрылышып, облустук сот 17-августта шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Мырзакматовго "Ош шаарынын мэри болуп турганда шаардагы эстакадалык көпүрөгө байланыштуу мыйзамсыз аракеттерди жасаган" делинип кылмыш иши ачылган. Учурда ал Кыргыз Республикасынын аймагында эмес. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан