Быйыл 9 айда жарандардын арыздануусунан кийин "ишенимди жоготту" деген айып менен 4 салыкчы иштен алынды. Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 28-октябрда билдиргендей, январь-сентябрь айларында мекеме жарандардан түшкөн 132 кайрылууну текшерип, 18 кайрылуу боюнча күнөөлүү тарапка тартиптик жаза колдонулган. Кайрылуулардын жыйынтыгында 4 кызматкер ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, 5 кызматкер катуу сөгүш алганы, 9 кызматкерге сөгүш жарыяланып, 32 кызматкерге эскертүү берилгени айтылды.
"Жарандардан келген 132 кайрылуунун 18и боюнча далилдер ырасталып, алар боюнча тиешелүү чаралар кабыл алынды. Келип түшкөн 18 телефон чалуу боюнча далилдер ырасталган жок, 4 кайрылуу кароодо турат",- деп билдирди мекеме.