Алмазбек Атамбаев: "Ош шаарындагы эстакадалык көпүрө достуктун көпүрөсү болууга тийиш"

"Ош шаарында эстакадалык көпүрөнүн ачылышы маанилүү окуя. Бул көпүрө достуктун көпүрөсү болууга тийиш. Адамдардын ортосундагы мамилени көпүрөгө салыштырууга болот. Көп улуттуу Кыргыз Республикасынын биримдиги үчүн ар бир жаран өз алдынча көпүрө сыяктуу тегерегиндеги адамдарды бириктирип, толеранттуу жана чыдамкай болушу керек",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-октябрда Оштогу көпүрөнүн ачылышында.

Мамлекет башчы көпүрөнүн курулушу мурунку мэрдин тушунда тийиштүү эсептөөлөрсүз, каржылык ресурсу жок башталып, курулушту бүтүрүүгө былтыр орусиялык гранттын каражаты тартылганын белгиледи.  

Алмазбек Атамбаев кыргыз элин, анын ичинде Ош облусу менен Ош шаарынын тургундарын ынтымакка, биримдикке чакырып: "2010-жылкы кайгылуу окуяда биздин жарандарыбыз каза болушту жана жаракат алышты. Андай окуялардын кайталанышына эч качан жол бербешибиз керек. Биримдик жана ынтымак менен гана мамлекетибиз гүлдөгөн өлкөгө айланат",- деп билдирди. 

Энергетика, транспорт жана социалдык тармактагы ири долбоорлорду атады жана көрсөткөн колдоосу үчүн Орусияга ыраазычылык билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан