Кыргыз мамлекетинде бүгүн, 9-ноябрь - дем алыш. Бул тууралуу 28-октябрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.
Маалым болгондой, 7-Ноябрь - Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү дем алыш күнгө туш келип калгандыктан, беш күн иштеп, эки күн эс алган уюмдар, ишканалар жана мекемелер үчүн 9-ноябрь эс алуу күнү деп белгиленген. Ошентип, өлкөдө 7-8-9-ноябрь дем алыш болот.