Ноокат районундагы Баглан айылында жашоосу кыйын кырдаалга кабылган балдар үчүн кризистик борбор ачылды. Бул тууралуу 28-октябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
12 адамга ылайыкташкан кризистик борбордо беш кызматкер: директор, эки тарбиячы, медицина кызматкери жана психолог иштейт. Уктоочу бөлмө, окуу залы, оюн ойноочу зал, машыгуу залы бар борбордо бүгүнкү күндө үч адам жашап жатат.
Социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Күйкеев: "Аталган борбор мамлекеттик буйрутманын негизинде ачылды. Өткөн жылы министрлик жашоосу кыйын кырдаалга туш болгондор үчүн ачылган 7 борборду каржылаган. Алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, туруктуу үйү жокторго жардам берип келе жатышат. Эми Лейлек, Кадамжай, Ноокат райондорунда, Ош жана Бишкек шаарларында 8 борборду ачуу пландалып жатат. Улгайган жарандар үчүн Ала-Бука, Түп райондорунда, Каракол шаарында ачылат",- деди.