Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын 3015 жылдыгы белгиленет. Бул күнү шаарда бир катар маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулат. Ошондой эле майрамдык кече шаардын борбордук аянтында концерттик программа менен коштолот. Андан сырткары Боз үй айылы курулуп, анда кыргыздын улуттук тамак-аштарын, каада-салттарын көрсөткөн жарманке болот.
Эскерте кетсек, Ош шаарынын күнү 5-октябрда белгиленүүсү керек эле, бирок парламенттик шайлоого удаа келип калганы үчүн шаар башчысынын буйругу менен Шаар күнүн белгилөө 29-октябрга жылдырылган.