Баткенде терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү маселелери талкууланды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу 29-октябрда облустук казыяттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган жыйынга Этностор аралык байланыш иштери боюнча агенттиктин Баткен облусундагы өкүлү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Баткен ОИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери жана Баткен облустук мусулмандар казысынын орун басары Каразак ажы Кожояров катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Каразак ажы Кожояров ислам дини, улуттар арасындагы ынтымак, биримдик тууралуу айтып өттү. Ошондой эле бул күнкү жыйында катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, бир катар талкуулар болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан