Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туруктуу үй-жайы жоктор үчүн баш калкалаар жай ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. Анын ачылышына катышкан социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Күйкеев бул жайды ачууга багытталган грантты «Эл-site» коомдук фонду утуп алып, жалпы суммасы 450 миң сом болгонун айтты.
“Мамлекеттик социалдык буйрутманын эсебинен биз жылдан-жылга гранттардын санын көбөйтүүдөбүз. Эгер 2009-жылы буга 4,9 миллион сом гана бөлүнүп келсе, быйыл бул сумма 22,5 миллион сомго жетти. Быйыл ар кайсы аймактардан гранттык сынакка катышууга 70 кат келип түштү. Алардын ар бир экинчиси утушка ээ болду”,- деди орун басар.