Бүгүн, 29-октябрда борбордук аянтта Ош шаарынын күнү салтанаттуу белгиленип жатат. Салтанаттуу майрамга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, президенттик аппараттын, өкмөттүк аппараттын жетекчилери, чет өлкөдөн келген сыйлуу коноктор жана шаар тургундары катышууда.
Калаа башчысы шаар тургундарын майрамы менен куттуктап, ата-бабалардан калган шаарды мындан ары өнүккөн калаага айландырып, келечек муундарына өткөрүп берүү бүгүнкү күндүн негизги милдети экендигин билдирди.
"Ош шаарынын майрамы оштуктарга гана эмес, бүтүндөй өлкөбүз үчүн да өзгөчө күн, өзгөчө майрам. Анткени Ош шаары өлкөбүздүн түштүк борбору катары Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары бүтүндөй Борбордук Азия мейкиндигинде өзгөчө орунда турган саясий, экономикалык жана маданий борбор. Өзүнүн географиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу Чыгыш менен Батышты бириктирген Улуу Жибек жолунун тоомундагы маанилүү түйүн болуп эсептелинет. Буюрса, Ош шаары бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эң кооз, экономикасы өнүккөн, ал эми элибиз бакубат турмушта жашаган, атагы алыска кетип, даңаза боло турган күндөр да алыс эмес",- деди Кадырбаев.
Ошондой эле шаардын басып өткөн жолун чагылдырган театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолууда.