№50-СИЗОнун башчысы кызматынан четтетилген Имаш Телтаев тергөөнүн жыйынтыгына жараша тийиштүү жазасын алат. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ички кызматтын полковниги, №3-абактын жетекчиси Жеңиш Сакелов Жаза аткаруу инспекциясынын жетекчисинин жардамчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. "Баатыр Калыгулов Жаза аткаруу инспекциясынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулуп, №2-аялдар абагынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. №50-СИЗОнун жетекчисинен башкасынын кылмышкерлердин качуусуна эч тиешеси жок",- деп билдиришти ЖАМКтан.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 21-октябрында ЖАМКтын башчысы Алик Мамыркуловдун буйругу менен "Коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулган.