Орусия Сирияда "Ислам мамлекети" тобуна каршы сокку урууну улантууда. Сириянын аскерлери Хама провинциясынын аймагында жана башка жерлерде орусиялык Ми-24 тик учактарынын соккуларына күбө болушууда. "Крокодил" каймана атына ээ согуштук тик учактар согушчандар жайгашкан аймактарга реактивдүү снаряддар менен сокку урушууда.
Орусия тик учактарынын чабуулу тартылган видеолор буга чейин да жарыяланган.